эрмеш

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Туткактап жабышып, чапташуу.
  2. Артынан калбай жүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Этегине эрмешип, / Эл-журтуна жалынып, / Эптеп ага жагынып, / Жан багып жатпай анда, — деп, / Сыртынан мактап Манасты, / Шооругун каргап жатышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мени менен курбалдаш, / Сыр жашырбай жүрчү эле, / Этегиңе эрмешип, / Кошулса Тапак биздерге, / Куткарбаска арыз айтып, / Тапан хан качат ал түндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Дагы үч жыл күйөйүн, / Этегиңе эрмешип, / Эрдиңен шимип жүрөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жакасынан жармашып, / Этегине эрмешип, / Эренди ээрчип артынан, / Анан көөнүм толорбу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →