эрмекте
- Эрмек кылуу, эрикпей, зеригип кетпей, бир нерсеге көңүл алагды кылуу, убакыт өткөрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаңылап күндө эт берет, / Өлчөп бербей көп берет, / Окшош эки күчүктү, / Эр неме бакты эрмектеп, / Сомбилекке күн өтпөйт, / Ойрот качан келет, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Төрдө, жаман шырдактын үстүндө отурган чекир көз старчын колунда эрмектеп, сындырып отурган жалгыз тал куурайын отко таштап жиберди да, Бурмакеге жооп берчүүдөй оңтойлонуп келип:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
…п, азыктүлүгүн артынып, жумушка түшүп бараткан бирин-серин кедейлерди кармап алып, атын минип, ээр токумун өзүнө жөө көтөртүп, жакшы камчысы болсо тартып алып, эрмектеп, ойноп жата беришчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кээде дөңгө чыгып алып биздин жаман алачыкты эрмектеп чамгарактан таш ыргытчу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бактыбыз бар экен, жаңкы неме ошентип бизди бир топ эрмектеп турду да бир кезде:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →