эрмек

китептерде 76 жолу, 9 китепте
  1. Эрикпей ойноп-күлөр, көңүл ачар тамаша, оюн.
  2. өт. Бала.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аз келгенсип анысы, / Бетирке менен экөөбүз, / Эрмектешип олтурсак, / Бизди неге кайтарды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки күнү, бир түнү, / Эрмектешип үч күнү, / Чыгалы бүгүн ууга, деп, / Алты жүз киши оогандык, / Отуз киши Шоорук хан, / Баарына бирден милдетти, / Паланды таап келгин, деп, / Ой-тоону карай тараткан, / Эрмектешип чатырда, / Козголбой эки хан жаткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алакеңдин жанына, / Ашыгып Серек келгени, / Эмгичекти элдерге, / Айтылып калды эрмеги: / — Баш кишибиз Алмамбет, / Мен айтамын саа бир кеп, / Молдоңо айтып көрүңчү, / Катыңды окуп кара, деп, / Чакырып алып молдосун, / Катчы болгон жолдошун: / — Байматтын санын оку, — деп, / Болбосун жаздым кокус, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара буура чат калды, / Бер жактагы элдерден, / Эми бир аз эрмек айталы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эриккен кишинин эрмегиндей кылып, төбөсүнөн укуй алып жаза-буза көзүн чукуп, ызалап жатып, аны бир кезде ыйлатып койду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →