эркинче
- Каалаганынча, өз эрки, өз ою менен, самаганындай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эркек-кары аралаш, / Жаштарынын кийгени, / Түрдүү-түрдүү шай болуп, / Козу ордуна сойгону, / Кысыр эмди тай болуп, / Эркинче кыргыз жатыптыр, / Өз алдынча мар болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айтып жоого тийерге, / Атамдын атын укканда, / Сен кептенген неменин, / Шейшеби бекип чыга албайт, / Эркинче басып сийгенге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эркинче бактым бул итти, / Көп дүйнөмдү чачтырды, / Быйакка кетсе жөн кетпей, / Өлтүрө кетип Дөөдүрдү, / Андан жаман шаштырды, / Айлымды калмак тебелеп, / Топурагын каздырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элге жетти элирип, / Эркин сүйлөп демигип, / Эркинче бийлеп бул элди, / Мурун кеткен семирип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аралап жүрсө эркинче, / Жети кыраан элинен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →