эркиндик

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Боштондук, көз каранды эместик, эркин, тең укуктуулук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…нда, / Өзүнчө элге хан болуп, / Алданып Калдык жалганга, / Койо берип Кеңкула, / Белеске жакын калганда, / Куйругун булгап Кеңкула, / Бурулуп жолго салганда, / Эркиндик келип Тору атка, / Кош айтышкан маалда, / Куймалуу алтын үзөңгү, / Теппей ыргып Бекбача, / Баса минди тору атка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Хандык өкүм колумда, / Жатпай-коппой койнуңа, / Кетирип ийбей жолуңа, / Арамдык кылган ишиңди, / Ашкере айтып мойнуңа, / Эркиндик бербей колуңа, / Жайдак атка мингизип, / Кыдыртып казак тобуна, / Андан кийин таштайын, / Азабың берип колуңа! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Байламта көңүл сүйгөнгө, / Эркиндик барбы биздерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Элге эркиндик талашып, / Айтумуш барды жол басып, / Кызыл алптан кысылып, / Муз тоодо калса камалып, / Баралбаган Сейитек, / Ат көтөрбөй жөө басып, / Тогуз жашка Кененим, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Атам замандан берки армандын күнү бүтүп, эми алдан бир белгисиз эркиндик элестеп тургандай болуучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →