эркинде
- Эркин болуу, эркинче, өз алдынча жүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каргышка кеттим дегендей, / Алым келсе асырап, / Каркытаттым бабамды, / Жазыксыз камчы чаппастан, / Энемдей сүйдүм жеримди, / Эркиндеттим элимди, / Кеңири туттум пейлимди, / Акка салып нетимди, / Ажарлуу туттум бетимди, / Ажыраттым сөөгүмдүн, / Түшүрдүң бөлүп этимди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эркиндеп өскөн мен камыш, / Сен сууда турган жекенсиң, / Тагдырың ушул белем, дейм, / Сөөгүңдү алар киши жок, / Бул дүйнөдөн кетерсиң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Суналтып бутту жатпадык, / Суудан кашык татпадык, / Катардан чыгып эркиндеп, / Карыш жерге баспадык, / Кан азайып тамырда, / Каржалып өлө жаздадык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ала-Тоо какшап муңканса, / Сабалаган эркиндеп, / Залкайган кыргыз элим — деп, / Асманда булут сумсайса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →