эркеч
- Биттелген, үч жаштан жогорку эчкинин эркеги (үч жашка чейинкисин серке дейт) Каңгаал ирик эркечтер, Мөнүзбөстөн жол баштап («Эл адабияты»).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Абасынан кеп угуп, / Хан Калдыктын алдына, / Такырбаш болуп кубулуп, / Эркечтенип сур атты, / Кирип келди суурулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эркечтамдан бирибиз, / Алты шаар, Анжидан, / Өлөр-өлбөс жаны бар, / Өлүмчү болгон Сынчыбек- / Өзүбекти талайбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Уккан кебин улады, / Эркечтам башын ашканда, / Терс айланып калам деп, / Улама аңырт ойлоду, / Коңарт тоосун бойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Гүлүстөн жөнөдү, / Эркечтей болгон Сур менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эркечтамды кылаалап, / Улуучат менен аралап,: / Сымкана мекен кыдырып, / Анжыйан, Кокон, Маргалаң, / Аманшоро, Наманген, / Аралап өттү бул элден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →