эркеле
- Бирөөгө (мис. ата-энесине) эркелик кылык көрсөтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…еп, / Булар жатса жамбаштап, / Жерге убал болот, деп, / Бул жаткан жерден чөп жесек, / Айагынан суу ичсек, / Бизге убал болот, деп, / Уйлар көрүн ачкан дейт, / Эркелетип эр кылып, / Эрди баккан эл экен, / Элге кара санаган, / Канчоро менен Шаймамбет- / Дал экөөндөй болчу экен, / Эл кайгырып кимди эстейт?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элге эркек уул керек, / Эркек уул туулганда, / Эл болот ойноп эркелеп, / Эли бакса чоңойтуп, / Бел болсо элге эр делет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кардыгач келсе эркелеп, / Узатам деп хан атам, / Катарлап төөсүн жетелеп, / Анда барса эп келет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Жерге батпай барбактап, / Куунайза, сенин дөөлөтүң, / Көөдөндү керип дардактап, / Бизди бактың канча жыл, / Канаттууга кактырбай, / Эркин койуп ардактап, / Эркелеттиң алыңча, / Онубузду сарбаптап, / Бизди салгын алдыга, / Өлүп кетсек майданда, / Өлгөндөргө өк болуп, / Жөлөк болуп тирүүгө, / Кууп алчуу сен барсың, / Сенден ки…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Көптөн бери көрбөгөнгө сагынып калгандай мага куйругун булгалап, көзүн жалдыратып, эркелеп коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →