эркектик
- Эркекке таандык, эркек кишиге мүнөздүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Колу менен сыйпалап, / Белгисин көрдү баланын, / Эркектигин билгенде, / Элге айтат Акмаңдай: / — Бекбачанын саламын, / Мен айтамын жашырбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дагы тууду бир эркек, / Эркектигин жан билбейт, / Жерге түшкөн баланы, / Карап туруп не билбейт?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Казанчым бар Айсалкын, / Кутубайга жумшайын, / Кетмен, күрөк, шайманды, / Эркектик кылып сен тапкын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Элирген кайран эр Семең, / Эркектик кылса коржоңдоп, / Жемелеп тилдеп таштоочу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Эркек эле турбайбы, кыздын ээр токумун карабастан, эркектикин карап өттү го, курулай эле сүйлөй бересиңби?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →