эркек
- Адамдын, айбандын, жаныбардын ж.б. эр жыныстуусу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачадан кеп угуп, / Кайненеси баатырдын, / Эркек бала тууганын, / Сүйүнчү деди перилер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өгүз минип өпөйүп, / Өлөсөлүү чал келет, / Карысы бар, жашы бар, / Катын- эркек аралаш, / Калбай баары бүт келет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Астынкы ээрди шакылдап, / Кулактары шалкылдап, / Эркегинде айалча, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олжого кеткен Чүрөгүм, / Бойунда бала барлыгын, / Ошондо билип жүргөмүн, / Эркек тууса болду деп, / Жылдарды санап күйгөмүн, / Үмүтүм болуп Чүрөктөн, / Ан үчүн өлбөй жүргөмүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жети эркек бир туугандын ичинде бир жалгыз кыз элем.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →