эрке

китептерде 64 жолу, 9 китепте
  1. Жакшы көрүүчүлүк сезимге, өзүн сүймөнчүктүү экендигин сезгендикке байланыштуу жароокерлик, жагалдангандык.
  2. Эркелеп, өз оюндагысын кылган, каалаганын иштегиси келген, обу жок чалжактаган (көбүнчө жаш балдарга жана көп эркелеген жаш аялдарга карата).
  3. Бирөөнү жакшы көрүп эркелеткенде айтылат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атамдын кунун аламын, / Эрке тукум бар туруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эркесинде жаткандыр, / Билбейм кайда жүргөнүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кылчайып артын караса, / Кененимдин эркеси, / Кудайдын сүйгөн пендеси, / Ак калпак кыргыз көп элдин, / Башындагы маанайы, / Маңдайга бүткөн таалайы, / Чукул жетип алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кудайдын сүйгөн бендеси, / Акун хандын эркеси, / Аламын деп айта албас, / Ал Канчоро эмес теңдеши. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Солдатка жазылгандан кийин Караколго барып, келип алып жакшылардын атын жыгып минип, бүтүн Эрке Сарыны чаңдатыптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →