эри

китептерде 159 жолу, 10 китепте
  1. Жылуулуктун, ысытуунун ж.б. таасири менен суюктукка айлануу, суюлуп же көлкүлдөп жибип кетүү (катуу, тоң нерселерге карата).
  2. өт. Кызыктуу, уккулуктуу сөздү, ырды же жомокту берилип, аябай көңүл салып угуу, уюп калуу.
  3. өт. Дем тарта албай көгөрүп ыйлоо, катуу ыйлоо (кичинекей балдарга карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эри жинди кармасам, / Катынын анын таба алам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…из туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти, / Эстесек тартып кейишти, / Эт жүрөктү эритти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Карабайын бул элге, / Качырып барып көрөйүн, / Коргондоку эрине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Сурасаң, Жакып,алгын,”-деп, / Чыңгыш бере салыптыр, / Басып барып жигиттер, / Эринден чалып алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Семетей балан дегиче, / Гүлчоро кеңеш бергиче, / Маңдайдагы Кутургур, / Айкырык салды элине, / Эл башкарган эрине: / — Бирине-бирин жеткирбей, / Тетиги турган үчөөнү, / Сайып алам эми эле! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →