эреңде

китептерде 47 жолу, 8 китепте
  1. Бой көтөрүү, чоңсунуу, кекирейүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манасчылар кеп айтат: / “Айкөлүм, Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Өткөзө Сыргак чабендес, / Өлүмдөн коркпос эрендер, / Кызыл тил элден бир башка, / Ырамандын Ырчы уулу, / Ажыбай сындуу чечендер, / Түшүмө кирет” – деп айтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…, / Найза учу жетерде, / Мылгып кирип кетерде, / Найзага найза каңк этип, / Учунда темир жарк этип, / Сайдырбастан найзаны, / Найза менен кагышып, / Бели катуу эрендер, / Адистигин таанытып, / Ителгидей айланып, / Баштакыдан беш бетер, / Огобетер каарданып, / Жылан менен чайандай, / Уусун чачып заарданып, / Алам деген Чойун а… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
көөрүк көтөрүп, / Дөөшү менен барсканын, / Көмүркөй менен кычкачын, / Теңдеп таңып артынып, / Күйнөлбөй тез жүргүн, деп, / Көөрүкчүсүн чакырып, / Токсон миңче эрендер, / Токойго кирди жабырып, / Кырчындын барын кыйратып, / Жоонун кесип сулатып, / Кемтигине куратып, / Кыскасына улатып, / Төрт кыр кылып кынатып, / Башын ташка … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айдаса буурул былк этпейт, / Чылбыры Гүлүс колунда, / Тоо баскандай солк этпейт, / Карадөө, Токой жардашып, / Тирмейе тиктеп карашып, / Абасы менен Гүлчоро, / Көргөнгө көркөм жарашып, / Тура турсун эрендер, / Биз башкадан кабар алалык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Салтантаттуу эреңдер, / Сарасы эле адамдын, / Сардары эле балбандын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →