эресе
- Эр жеткен чак, өсүп жетилген учур.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дөрбөнү айтып салыптыр, / Дөрбөндүн кебин укканда: / — Биз барабыз баарыбыз, / Эп көрсөң, Отор ханыбыз, / Сомбилектин уулу бар, / Чигитей атын угабыз, / Эресек тартып жеткинче, / Жыпжылма-түптүз кылалык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көзүм көрүп баатырды, / Күрпүлдөгөн калмактан, / Бирөөнүн башын кессем,-деп, / Арманым жок өлөрмүн, / Андан кийин кетсем”-деп, / Карылыгы болбосо, / Жаш чагында эресек, / Баатырсыман неме эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Манас туулат экен, деп, / Элди калмак кайтарды, / Эресек тартып эр жетти, / Манасты аллам сактады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →