эрерке
- Ичинде бугу, кайгысы, сагынычы бар адамдын жакын санаган адамды көргөндө токтоно албай жашуу, көзүнө жаш алуу; өзүн кармай албоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаш Гүлүс турду ошондо, / Кубанып жаны эреркеп, / Оолугуп алган карт баатыр, / Олпогун оңдоп кийди эми, / Тоодой болгон күлүккө, / Токто кылып турбастан, / Томукка камчы урду эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бул сөздү эмне үчүн айтканын мен түшүнгөнүм жок, айтор не болсо да ырайымы түшүп турганын сезип, эреркеп, боюм жылып кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мени көрүп эреркегендей ого бетер ичин тартып шолоктоп кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →