эрегиш

китептерде 123 жолу, 10 китепте
  1. Атаандашкандык, атаандашуучулук, атаандашкан уруш, чатак, талаш-тартыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эби келсе беш урук, / Элиңе кет кек албай, / Жериңе кет бир тынбай, / Кетпесеңер элиңе, / Жетпесеңер жериңе, / Эрегишсең биз менен, / Киресиңер көрүңө! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Деп Дабытай айтканда, / Кененим айтат мамындай: / — Ээ, Дабытай эрсиңби, / Эрегишкен нечен кул, / Эми айлаң кеткенби, / Эптүүлөнүп келдиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Канча катар тор салды, / Катары менен кыйратып, / Калың жерге жол салды, / Эрегишкен эки эрдин, / Ээ дээрге алын келтирбей, / Элине тирүү кетирбей, / Эбин таап жалмады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аттан түшүп ажырап, / Сейитек бура тарткынча, / Жана минди шапа-шап, / Эрегишип көгөрүп, / Найзалары така-так, / Балталары чака-чак, / Баатырлар үнү бака-бак, / Кулак тунуп шака-шак, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жер козголуп дүкүлдөп, / Жер ай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот, ирегеде чийдин бир жыртыгынан эрегишкендей борошо кирип, айдап алган карды коломтого чейин буркуратып таштап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →