эрдик

китептерде 203 жолу, 10 китепте
  1. Баатырлык, эр жүрөктүүлүк, кайраттуулук, тайманбастык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Башаламан салышта, / Бактыбайдын көрсөткөн / Эрдигинен баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Болбосо өңү буржуйуп, / Толбосо көзгө жулжуйуп, / Куушурулуп далысы, / Караса нары кулжуйуп, / Эрдиги анын не керек, / Ошо күнү турармын, / Көзүмдүн жашын себээлеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дабытайды көргөндө, / Жаандан ашкан Кененим, / Жагалданып турду эле, / Жанаша келип Дабытай, / Кебин айтты мамындай: / — Эрегишке эр керек, / Эр башкарган эл керек, / Элебей сага катыштым, / Кадырлап каңгай келди, деп, / Эми таанып мен жеттим, / Эрдигиңди белгилеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Энеси экен чапкан ат, / Атасы Молор турбайбы, / Эрдигине ишенип, / Келип тууган турбайбы, / Эби келсе Музой бай, / Мага бергин мындайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эрдик аты болбосо, / Акылы анын кем экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →