эрдемси
- Баатырсынуу, кыйынсынуу, мыктысынуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ен Жалгызек, / Канга кылыч майлады, / Аны менен тим болбой, / Амырдын агын бойунда, / Семетейди Коңурбай, / Чакыртып алып барганы, / Элинен эл ким келди деп, / Эрдемсип колун салганы, / Арамдык менен иш акпай, / Коңурбай өлүп калганы, / Сен кептенип кангайлык, / Айылыңа тепсеп ким барды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эртең менен эң мурун, / Элден мурун барбасам, / Эрдемсиген кызталак, / Эбин таба салбасам, / Мен барам деп алдында, / Чыр салат го Кубатай, / Байкап көрсөм ар качан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элиме келдим дегенсип, / Эрдемсип мойнун толгосо, / Кекиликтей мойнунан, / Тетир толгоп үзөйүн, / Ийри жерин түзөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Өлтүрүп бизди салбады, / Калтырбай атты айдады, / Аралап келип чогууга, / Ушул болду айтканы: / “Эл ичинде эрдемсип, / Жүрүпсүңөр онуңар, / Байлалуу, эмес бош эле / Балта чабар колуңар, / Катышпадым, таштадым, / Тигинеке колуңар, / Аркаман бар эр болсоң, / Бузук болсо ойуңар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бул кордукка чыдабай, / Манаска ыйлап эл барды, / Теңдикке келбей Бадыкүл, / Эрдемсип болбой кектешип, / Манастан өлүп калганы, / Бойунда калган болуучу, / Бадыкүлдүн алганы, / Жалгыз көздүү бала экен, / Басташпайт киши буга, деп, / Мадыкүл атка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →