эрбеңде1

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Алыстан сербеңдеп көрүнүү, билинер-билинбес элестелип кыймылдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…карчыттан, / Каны агып чубуруп, / Кызарып каны жошулуп, / Топурака кошулуп, / Кудай урган Кызыл алп, / Мурду көөп дердеңдеп, / Муруттары сербеңдеп, / Сакалдары эрбеңдеп, / Кармаймын деп кол сермеп, / Буурулду кармап алам деп, / Арыш таштап дардаңдап, / Колу-буту тарбаңдап, / Типтик башы соксойуп, / Орто тоого окшонуп, / Опсуз … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, деп, / Чубактан кордук көрдүм, деп, / Токтоно албай эр Шууту, / Кирип чыгып делдеңдеп, / Кайгы тартып турганда, / Келин каш таңдын алдында, / Үч караан чыкты эрбеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көөдөгө сыйбас көп санаа, / Эрбеңдеген көлөкөң, / Мен көрөмүн канчада, / Кербенден алган кат мына, / Адашпай жолдон басарга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сейтек менен Гүлүстү, / Ээрчитип Бакай зор чыгып, / Жердин бети мемиреп, / Гүлдөр жайнап мелтиреп, / Көпөлөк учуп делдеңдеп, / Жан-жаныбар калбастан, / Таластын ээси келди, деп, / Жайылып чыкты сербеңдеп, / Көз илешпей нечеси, / Жүгүрүп жүрөт эрбеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кылымдар бойу аты өчпөй, / Айтылып келген кеп экен, / Башчысы өлсө бир элдин, / Калгандарга жем экен, / Ээрчип баскан пенде жок, / Эрбеңдеген Сомбилек, / Жалгыз кеткен кеп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →