эрбей

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Серейип кичинекей көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өмдөгөн менен коросон, / Туруштук кыла албады, / Он алты миң киши экен, / Алты айланып өткөндө, / Ат үстүндө эрбейип, / Он миңчеси калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арстан Сейит баланын, / Ачуусу келип арбайып, / Абдан күйүп ардыгып, / Жана жетип сайарда, / Көрүнө болду бир шумдук- / Кемпир эмес караса, / Атка минип эрбейген, / Салаңдап курсак чердейген, / Бир киши кетип баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эрбейип атка мингели, / Ээрчип сени жүргөлү, / Канча күн, канча ай болду, / Ай айланып жыл толду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эр жабдыгы Жаманбай, / Эбегейсиз зор болуп, / Алалбай катын бул чакка, / Жүрүчү эле сенделип, / Атка минип эрбейип, / Найза кармап сербейип, / Кененимдин жанында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эмчектен чыкты эрбейип, / Буту чыкты темтейип, / Балаңды өзүң багып ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →