эр

китептерде 3909 жолу, 10 китепте
  1. Эркек киши, адам.
  2. Аялдын күйөөсү, күйөө.
  3. өт. Баатыр, жүрөктүү, жалтанбаган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача жаш кетти, / Артында бала калбады, / Балалуу болмок ту… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Какбаш Жакып, Канчоро, / Абыке, Көбөш – төртөөнү, / Эргиз оозго албайлы, / Кыйамат кайым болгунча, / Каргайлы, күндө каргайлы, / Аркачан каргыш арнайлы, / Арнайлы каргыш арнайлы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ат ойнотуп Кесилет, / Арасында он миң бар, / Кумурскадай быжырап, / Кара курттай кыжырап, / Каптап кетти коросон, / Эчтекени элебей, / Эрениң бара жатканда, / Оролуп түштү отуз тор, / Капташып калды мынча тор. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан колун чыгарып, / Аттан деди Алмамбет, / Аскердин алдын чубатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Отуз төөдө жүгү бар, / Беш жүз ашуун жылкы бар, / Эрди-катын жыйырма жан, / Кулу менен күңү окшойт, / Мен көргөнүм ушул деп, / Бүттү бала айткан кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →