эпчил

китептерде 2 жолу
  1. Эптүү, ыктуу, жөндөмдүү; айлакер, амалдуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келгендердин ыктуусун, / Кыздардын эпчил мыктуусун, / Ичеги, карын жуудуруп, / Жин татып кокус калат, деп, / Келгендер уйат кылат, деп, / Жылыман сууга малдырды, / Таза сууга салдырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Казакта, Үрбү, хан элең, / Кыраакы эпчил жан элең, / Колдор сынат кокуйлап, / Буттар сынат чолоңдоп, / Көздөр чыгат олоңдоп, / Бул өңдөнгөн кырсыктар, / Бу согушта көп болот, / Ташталып калып мындайлар, / Талаада калса жок болот, / Ал өңдөнүп калганга, / Ээ болсоңуз не болот? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →