эптүүлүк
- Эпчилдик, ыктуулук, жөндөмдүүлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баш кишиге жууланып, / Араз кылып кээ бирөөн, / Арасына жуу салып, / Тынчын алып чуу салып, / Эки жагын колго алып, / Эптүүлүк менен жагынсам, / Кызматым элге жакканда, / Кыйыгыс болгон чактарда, / Эстүүсүнөн жол сурап, / Элдүүсүнөн кол сурап, / Апкаарытып кай бирөөн, / Ашыктырып сүрбө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ын жүгүрүп, / Башка кылып талапты, / Ченебей сууга уу салып, / Шек алдырбай буйдалып, / Өзү бетпак суу куйуп, / Бүткөн бойун жуунтуп, / Эт көйнөгүн кийгизип, / Эптүүлүгүн билгизип, / Эшикке чык деп балдарды, / Көз кыруусун тийгизип: / — Тазаланып келем, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эшик ачып киргизип, / Эптүүлүгүн билгизип, / Эзген курут, кошкон май, / Боорсок, токоч дапдайар, / Дастарконго койду эле, / Кыйарлык менен Алмамбет, / Кыраанга назар бурду эле, / Тап бүркүттөй кылыйып, / Дастарконго кол салбай, / Тартынгансып турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эптүүлүк менен билгизбей, / Мага берген шамшарын, / Ордуна асып таштадым, / Илип койгон шамшарын, / Мен белиме аскамын, / Билбей калды Жүйрүн дөө, / Катты салып чөнтөккө, / Шаарымды карай баскамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эптүүлүк кылдык дегенсип, / Үйлөрүнө кетишти, / Бастырбай кайра тайгандар, / Алардын жолун бекитти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →