эпсиз
- Эби жок, ыгы жок, ыкчыл эмес, эптүү эмес, копол.
- Жарашыксыз, көрксүз, эби-сыны жок.
- Болжолсуз, ченемсиз, ашкан, артыкча.
- Сансыз көп, сан жетпеген.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бар кайратын иштетип, / Балтанын сыртын жарышып, / Кылычты кындан суурушуп, / Кыйкырышып урушуп, / Эрме чөл, ээн талаада, / Эпсиз булар жулушуп, / Эрегишип алганда, / Эстен чыкты Каракөз, / Каракөздүн санаасы, / Капкайда кетет ар бөлөк, / Авазирлер жанында, / Аларга айтат кеңеш кеп: / — Б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айылдан чыккан Чигитей, / Алды-артын ойлоп кенебей, / Эпсиз баатыр бул чунак, / Элирген бала ченебей, / Кылчаыйп артын карабай, / Кыргыз үчүн өлөм, дейт, / Кылча жанын айабай: / “Таласка душман баскынча, / Өлгөнүм жакшы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сайышаар жери ээн топо, / Эпсиз жаман жер ошо, / Кененим, сакта бет келди, / Ойунда Сакта Кененди, / Оодара сайам деп келди, / Кара буурул атына, / Камчы берип тап берди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эпсиз баатыр кара дөө, / Эсит жанга күч келди, / Чокмор менен кош колдоп, / Жана тартып жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бул экөөндөй кыйын жок, / Күнү-түнү тыным жок, / Ойрот кылыч чаптырбай, / Сомбилек кылыч кактырбай, / Эбегейсиз урушту, / Эпсиз болгон жумушбу, / Кабуусун таап чоң Ойрот, / Сомбилектин кылычын, / Как белинен сындырды, / Эми жеңип алам, деп, / Анда Ойрот жылмайды, / Сомбилекте жарак жок, / Ичи жалың, боору чок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →