эпкинде
- Демилге көтөрүп ылдам, тез, шамдагай иштөө, кыймылдоо.
- диал. Жин тийгенсип ооруу, жөөлүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кутулуп Бетер кетерде, / Куйун шамал эпкинде, / Кууп Тору ат жетти эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бирин бири тиктесе, / Көздөрдөн жалын шыркырап, / Темирден чыккан ширөөдөй, / Жылт-жылт этип чыркырап, / Зыркаар жүрүп эпкиндеп, / Шамал чыгып дыркырап, / Төбө чачтар үрпөйүп, / Сакалдары үксөйүп, / Муруттары бириндеп, / Этектери дирилдеп, / Зым-зым этип зымылдап, / Салтанаттуу Кененим,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Бир кезде Алмакан эжем ойдо жок жорукту баштап, эпкиндеп, чыркырап барып төшөктө жаткан энемди басып жыгылды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →