эпкин
- Бир нерсенин өтө тез кыймылынын илеби, таасири, күчү, күүсү.
- Тездик, ылдамдык, шамдагайлык, демдүүлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келе жаткан Отордон, / Чымдуу жерлер чытырап, / Суусу агып чылпылдап, / Какырга калса капташып, / Таштар учуп чыркырап, / Топурак учуп буркурап, / Эпкининен шамалдап, / Жел айдады зыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чокмордон чоочун үн чыкты, / Кулак тунган сүр чыкты, / Эпкининен чокмордун, / Кара жерден чаң чыкты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эпкини кыштын чилдедей, / Ысыгы жайдын күнүндөй, / Айбаты жолборс сүрүндөй, / Бет маңдайдан караса, / Алп кара куш түрүндөй, / Семетейди көргөндө, / Гүлүстү таштап жиберип, / Күркүрөгөн Кутургур, / Жолборс Семей абаңдын, / Өзүнө тийди имерип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жетип келди майданга, / Көөрүктөн чыккан жалындай, / Эпкини катуу күжүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мен жакын отурат элем, тигилердин эпкини келип тийгенде атып тура бердим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →