эпилде

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Ылдам, тез, шамдагай кыймылдоо, иштөө; тез канат кагып учуу.
  2. Тез, бат-бат сүйлөө; кичи пейилдик кылуу; ал-жай суроо, урматтап сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ан, / Он миңге санын толтуруп, / Айабай Калдык камданган, / Базарда жүргөн катындан, / Баарын билген жакырдан, / Чычкан ооз, бака көз, / Ээги түшүп калса да, / Эпилдеп айткан кыйын сөз, / Барынча кийип жасанган, / Базарга барган азандан, / Кечкече өзүн саткандан, / Кеч киргенде кайткандан, / Тартынбаган кандайдан, / Таамай ке… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сен сурадың эпилдеп, / Мен айтып кирдим жепилдеп, / Арка чачым делпилдеп, / Саамайдан чыккан чачым бар, / Ошо кезде мен Көкөй, / Жыйырма беште жашым бар, / Келген жайым мен айттым, / Баатырдын уулу мабу, деп, / Чигитейди көрсөтүп, / Анда туруп сен айттың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жөө жүгүрү декилдеп, / Таманы тийбей лекилдеп, / Балбандардын үстүнө, / Жетип келди эпилдеп, / Кирип келип эшиктен, / Келгенин айтты кепилдеп: / — Тапан хан мени жиберди, / Балбандар, сени келсин, — деп, / Жөө жүгүр келип айтканда, / Алда эмне болду, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…шына чуулдап, / Кызыл көтөн жылаңач, / Ойноп жаткан бала эле, / Далысын түйүп мөкчөйгөн, / Кызыл ээк чал эле, / Чычкан ооз, бака көз, / Ээги түшкөн телпейип, / Эпилдеп кыйын айткан сөз, / Канча кемпир бар эле, / Козголбой жылкы жуушасын, / Чочубай балдар уктасын, / Улуу-кичүү – баарысы, / Бүткүл каңгай тынч алсын, / Айдап бар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →