эпеңде
- Эпейген кичинекей кишинин чепеңдеген кыймыл-аракетте, көрүнүштө болуусу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…улбасын билгенде, / Он бири качты калдаңдап, / Найзанын учу жетет деп, / Как далыга бир койсо, / Каражан кантер экен деп, / Буттары барат тепеңдеп, / Сакалдары эпеңдеп, / Аркасын карап кылчаңдап, / Эми жетет экен, деп, / Балбандары качканда, / Байкап турган Дабытай: / — Элебей калсын Кененим, / Сен, Кесилет, бар, — деди, / Ар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Эки баатыр көрүшүп, / Ичтеги ойун төгүшүп, / Сакалдары эпеңдеп, / Эрмек сөзгө күлүшүп, / Чаарасы көп Алмамбет, / Чабалайдын тыш тонун, / Эр Сыргакка кийгизип, / Эптүүлүгүн билгизип: / — Чалгынга чыгып көп көлдөн, / Элеманд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ушуну айтып эпеңдеп, / Үчтөн алты котчу алып, / Экөө кетти тепеңдеп, / Туйгузбай туруп чакырды, / Кутубайды келсин, деп: / — Кутубай ага, кулак сал, / Айткан кебим кабыл ал, / Төр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…нда: / Ак жолтой тууган абакем, / Эмне үчүн бүркүтүн, / Агытып ийди экен, деп, / Агийинди абакем, / Агытпады бекер, деп, / Аңгычакты ар жактан, / Каныкей келди эпеңдеп, / Басып келди хан Бакай, / Калтырап муун тепеңдеп, / Желге ыргалып абаңдын, / Кыл сакалы сеңселет, / Теңселе басып Айчүрөк, / Бу да келди энтелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Калганын, балдар билгин — деп, / Бакай турду эпеңдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →