эп
- Туура келүүчүлүк, ылайыктуулук, негиздүүлүк, ылайыгы бар экендик.
- Ык, жөн, эптеле тургандай шартта болгондук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
андан көп, / Медерканды жемелеп, / Медеркан атын укканда, / Мелтиреген кара көк, / Мелтиреп карап турбады, / Эшикти карай бет алып, / Бөлүнө койуп эл качып, / Эпчи жак менен эр жакка, / Эл бөлүндү жол ачып, / Тору аттын жетти жанына, / Төрө жолборс түз басып, / Ыйлап калды торгой кыз, / Аркасынан көз сатып: / “Не болсо да…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кесилет бар, мен бармын, / Кандай болот Кененим, / Жалгыз жан сенин амалың, / Кутулар жериң калган жок, / Эбиңди өзүм табамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алмамбет айткан бул кептин, / Чынында кыйла эби бар, / Акыл менен байкасам, / Мунун ойлоно турган жери бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баш көтөрүп ошондо, / Хан Сейитек айтат кеп: / — Керменбайдын кеңеши, / Өтө сонун кеп экен, / Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Канчорого кеп болсо, / Каркылдап карап турганда, / Хан абам билсе эп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →