энөөлүк

китептерде 11 жолу, 4 китепте
  1. Жооштук, баёолук.
  2. Шалаакылык, жүдөөлүк, мажирөөлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Камбыл болгон чабандес, / Энөөлүк анча жакшы эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өзү жатты Дабытай, / Коргонго кирип бекемдеп, / Карап туруп Кененим: / “Өткөрө сайбай боорунан, / Кабылдай сайган экемин, / Энөөлүк кылып элебей, / Эл козголуп чайпалды, / Түбөлүк болуп ченебей, / Найзаны сайып мылгытып, / Көгүчкөндөй сыргытып, / Кете берсем ыргытып, / Эндекей элге убал, — … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Байкадым баарын мен — деди, / Чекелеп уруш кыл, — деди, / Бейлеп турат оогандык, / Чалынаарың тор, — деди, / Энөөлүк кылсаң кокустан, / Жатаар жериң ор, — деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бийиги кайсы, ой кайсы, / Жерин билген мен бармын, / Энөөлүгүн Какандын, / Эбин билген мен бармын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тартса оозуна күч бербей, / Алып өтө бергенде, / Жанында турган Семетей, / Энөөлүгү курусун, / Керге келбейт бирерде! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →