энөө

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Элегей, көп нерсени элес албаган, баёо, унутчаак, жоош.
  2. Шалаакы, жүдөө, байкабас.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бойу чоң болуп, энөө эмес, / Өтө мыкты чабендес, / Тултугуй эмес кагалес, / Миң колго кирсе аралап, / Мен жалгызмын а дебес, / Анткен менен Дөрбөндү, / Табай, Катай – ал экөө, / Бучкагына теңебес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кененим арзан эр эмес, / Будагы ойлойт арганы, / Бирге жүрдү эптенип, / Эчтемени билбеген, / Энөө киши кептенип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жараңдын оозун карасам, төрөм, / Эт чыгарган чарадай, төрөм, / Жүрөгүңдү карасам, төрөм, / Тегирмендин барадай, төрөм, / Эрдигиң бар энөөсүң, төрөм, / Ак олпок кийбей аттанып, төрөм, / Адашып кандай жөнөдүң төрөм, / Баатырлыгың башкасың, төрөм, / Балбандыктан ашкансың, төрөм, / Бастырып үйдөн чыккан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Элебей калды абакем, / Эр энөө деп айтчу эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…з калган күнүн узартып, / Аласкаткан жери ушул: / — Кыргыздан келген Сомбилек, / Анча-мынча ойлопмун, / Сен экенсиң эр жүрөк, / Алдында өлгөн эрлерди, / Баарын энөө ойлопмун, / Мени менен эрдигиң, / Тең экенсиң болжолуң, / Калдуубет айтып барганда, / Зээниме алып койбопмун, / Арак ичип, тамак жеп, / Ачкан курсак тойбопмун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →