энчиле

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Энчисин, өзүнө тиешелүү мал-мүлкүн, оокатын бөлүү арноо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эки калмак аларды, / Энчиленип ээ болду, / Ээ болгон калмак аттары, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чогулуп баары болгондо, / Балта дөө айтат мамындай: / — Атам Ороз тушунда, / Токсон миң үйлүү киши элек, / Бузулбай айыл бүт элек, / Кайран киши өткөнү, / Капкайда бизди кыдыртып, / Калмактар кетти энчилеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Элге бөлүп колуңду, / Энчилеп бердим баарыңды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Башынан энчилеп койгондой менин ордум дайым ушул болучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Аларга алтын сарай менен күмүш сарайын энчилеп, кыз күйөөсүн киргизип коёт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →