энчи

китептерде 33 жолу, 9 китепте
  1. Бирөөгө тиешелүү үлүш; менчигинде кала турган мал-мүлк, байлык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыйбай жаным турамын, / Ак калпак кыргыз элди деп, / Айкөлдөн калган энчиге, / Кеңкол, Талас жерди деп, / Туула электе Көкжалдын, / Түйшүгү журтка угулган, / Калмактын ханы Алооке, / Кыргызда катын бооз болсо, / Кычыртып келип кырдырган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эл багыш мурас биздерге, / Эл кырмак керээз атадан, / Энчиге калган сиздерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Отко кирсе эр Манас, / Төркүлөп келип Каныкей, / Энчисине мал алды, / Кому-чому жонунда, / Санаты жүз нар алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атың баспай чаалыгып, / Өзүң кылыч чабалбай, / Калганда билек талыгып, / Тапан хан башын албайбы, / Сен айаган кыргызың, / Өз энчиме калбайбы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Энчиге беш жүз жылкы айдап, / Отуз төөгө жүк камдап, / Отунчу менен казанчы, / Санаты жыйырма экен, дейт, / Чоңтескей келип конду, дейт, / Бир бала келди кабарга, / Маа айтканы ушул кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →