энтик

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Өпкөсү көөп араң дем алуу, деми кысылып күйүгүү; оор дем алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эстери чыгып энтигип, / Маңдайынан тер чыгып, / Калтаарышып баарысы, / Карап тура калышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Арданган Күдүк алайып, / Ачуусу келип карайып, / Энтиге түшүп дем алсаң, / Текечердей танайып, / Энтелей басып алыптыр, / Жоолугун алып колуна, / Терин аарчый салыптыр, / Таң кашкайган маалда, / Алмамбетке барыптыр, / Күдүктү көрүп Алакең, / Айран азыр калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Минген атын теминип, / Жүргүн, деп, Чойтолоң, / Картыке жетти демигип, / Чойтолоң жооп кылганча, / Тазкара келди делийип, / Тазкара жооп берет, деп / Чойтолоң көөнү семирип, / Картыкеге Тазкара, / Кебин айтты энтигип: / — Картыке мага агасың, / Байкап сөздү карагын, / Билесиңби түшүнүп, / Тапан хандын абалын? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Мен чалканга кирген кезде ары жактан дагы бирөө демин ала албай энтигип жүгүрүп келип: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир убакта барпаңдап энтигип элик алдынан чыкты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →