энтеңде
- Шашкалактоо, карбаластоо, энтеңдөө, шашылып энтигүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коондой башын соксойтуп, / Башы тенден бөлүнүп, / Короздой мойнун кокжойтуп, / Көзү чыгып олойуп, / Кулагы жок мулуйуп, / Колу жоктор чолойуп, / Ээси коркуп энтеңдеп, / Эми айлам кантер, деп, / Жыгылып-кооп темтеңдеп, / Бели сынган очойуп, / Карачкыдай чочойуп, / Далысынан кан агып, / Кызыл канга кошулуп, / Ак көбүктөп шар …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Катты алып байкуштар, / Кайта жолго салышты, / Карбаластап энтеңдеп, / Ханына жетип барышты, / Өзү жазган кагазды, / Өзүнө бере салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Экинин бири энтеңдеп, / Эми келди дектеңдеп, / Ачып көрдөн алгандай, / Жерден чыга калгандай, / Желмогуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Коркуп калды ошондо, / Музой Калча энтеңдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Энтеңдетип жүгүртүп, / Кызылуйук чоң дөөгө, / Керимбайды алпарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →