энтеле
- Абдан шашкалактап энтигүү, чый-пыйы чыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сагыныпсың өлүмдү, / Ажал алып жакадан, / Тура албайсың энтелеп, / Эсиңе алсаң Йобалы, / Элиңе бар эртелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эси жоктор энтелеп, / Бирден-бирден барышып, / Сенден өлүп калганын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…дан миң ат өлдү деп, / Хан Алмамбет баашабыз, / Каарлап алып кетти деп” / Калгандардан угуп кеп, / Куруп калган Сынчыбек, / Кокус өлүп кетер, деп, / Учуп жетип энтелеп: / — Баатыр ат биздерде, / Ат берели бул элге, / Сурап келдик Сынчыны, / Канын бериң биздерге, / Өткөн иш өтүп болуптур, / Эндөөлүк кылып койуптур, / Эми Балта…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…аныкей келди эпеңдеп, / Басып келди хан Бакай, / Калтырап муун тепеңдеп, / Желге ыргалып абаңдын, / Кыл сакалы сеңселет, / Теңселе басып Айчүрөк, / Бу да келди энтелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Канчоро турат туйгузбай, / От жаккан болуп энтелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →