эне
- Баланы төрөгөн жана тарбиялап өстүргөн апасы, аял (баласына карата).
- Төлдөгөн, тууган ургаачы жаныбар.
- Төрөгөн апасына, аялга жана өзүнөн улуу, улгайган аялдарга, кемпирлерге айтылуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбил…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…рөтүп кетем, — деп, / Кесилет чочко айтканда, / Үнүн угуп Кененим: / Семетей бабам колдо, — деп, / Абам Гүлүс жолдо, — деп, / Карыйа Бакай кайда, — деп, / Умай энем Каныкей, / Көгүчкөн болуп кубулган, / Көйкапта кохар тууру бар, / Айчүрөк энем канаке, / Жаадыма түштүң силер, — деп, / Сыйынамын медер, — деп, / Анык кайып бо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ыйлап жүрүп Торсолдой, / Чечекейи акканы, / Бала да болсо Каргалдай, / Абам менен энемди, / Алы эле келсе бакканы, / Гүлүстөн мында келгенде, / Үйүндө үч күн жатканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошентип, бала менен энеси жыргап-куунап, жакшы турмушта жашап калган экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →