эндүү

китептерде 34 жолу, 7 китепте
  1. Туурасы кең, эни чоң, жазы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төрт айагы кула аттын, / Топону көккө сапырып, / Жал-куйругу жайылып, / Катап келген көпчүлүк, / Калбай баары жабылып, / Жанаша албай кула атка, / Шамал артта калыптыр, / Ачып көздү жумганча, / Коросондон коргонго, / Кененим жетип барыптыр, / Дарбазасы сом темир, / Коргону бийик бир сеңир, / Эшик эндүү ай балта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Томураңдап пил келет, / Дүк-дүк желип далбаңдап, / Тумшугу анын булаңдап, / Пилди көрүп эр Сыргак: / “Адам эмес айбандан, / Качып берсем уйат” — деп, / Эшик эндүү ай балта, / Кыйамына келтирип, / Чабайын, деп, чокуга, / Телкызыл ылдам, пил кашаң, / Айласын мунун кылсам, деп, / Карап турат кабылан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эшик эндүү айбалта, / Кыстарылуу такымда, / Көзүң менен көрөсүң, / Келер мезгил жакында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эшик эндүү ай балта, / Сомо темир сом балта, / Сомдоп соккон ай балта, / Келе жаткан чокморду, / Алдыртан өөдө какканда, / Балта тийди чак этип, / Аркасын карай ыргыды, / Үйдөй чокмор жарк этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…адырек, / Баатырсынган Сомбилек, / Өлбөй тирүү калды деп, / Как ыргайга саптаган, / Кара кайыш каптаган, / Сыртына коло чырмаган, / Тийген жери ырбаган, / Эшик эңдүү айбалта, / Ойроттун чыры бир канча, / Ийнине арта салыптыр, / Ысыгы жайдын аптаптай, / Жанашып келип калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →