эндире

китептерде 50 жолу, 8 китепте
  1. Башы айлануу, көңүлү караңгылоо.
  2. диал. Далдыроо, дел болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Жеринин баары кан болуп, / Тете, Салаа, Каракөз, / Саранжа менен хан Калдык, / Айласын таппай маң болуп, / Башы айланып дал болуп, / Бүткөн бойу шал болуп, / Эндиреп эси нес болуп, / Айласын таппай турушту, / Кан төгүлөр кез болуп, / Бала жолборс эр Асыл, / Барган сайын күч алып, / Бар кайраты тез болуп, / Каптап кирген Сар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Энеси айтып болгунча, / Эси кеткен эндиреп, / Эчтемеке кирбей кулака, / Жыгылчудай сендиреп, / Чигитей атын укканда, / Бериштин кеби чыкканда, / Акактай бети кызарып, / Түйдөктөшүп кирген чач, / Тарабай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эсит катын Накылай, / Эстен танып эндиреп, / Эби кетип сендиреп, / Кереге-уугу шалдырап, / Кайра көчтү салбырап! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…а, / Кырын бузбай зыркырап, / Бирин бири тиктесе, / Азуулары кычырап, / Баштары ооруп кеңгиреп, / Мас болгондой зеңгиреп, / Кээде туруп калышат, / Эси оогандай эндиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кобо албай Семең эндиреп, / Опкоолжуп жүрөк делбиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →