эндекей

китептерде 42 жолу, 8 китепте
  1. Өз бетинче, бирикпей, ар ким өз каалаганындай.
  2. Иленди; боюна, оокатка карабаган, тыкан эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Элебей кылган иш жаман, / Эндекей кийген тон жаман, / Элинен азып ыраакка, / Ээрчип келген кол жаман. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ган экемин, / Энөөлүк кылып элебей, / Эл козголуп чайпалды, / Түбөлүк болуп ченебей, / Найзаны сайып мылгытып, / Көгүчкөндөй сыргытып, / Кете берсем ыргытып, / Эндекей элге убал, — деп, / Эми эле мени кырам, — деп, / Карапайым букара, / Ханы жарлык кылганга, / Калбай келет бүт мында, / Кай муратка жетемин, / Карандай элди кыр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бута атым кирип келгенде, / Арстан шерди караса, / Ак олпок жок эндекей, / Калган кийим ысыкта, / Бүчүсү жок желбегей! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Калп айтканга алданып, / Шум канчыкка байланып, / Эси болсо Тапан хан, / Эндекей элди кырдырып, / Кан жүктөнүп албасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Семетей калды эндекей, / Олпоктон башка кийни жок, / Ок атарга келте жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →