эндей
- Туташ, жалпы; эни боюнча жайылып жаткан.
- Өлчөнбөгөн, ченелбеген, бычылбаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калгандары калдаңдап, / Сыртынан кийген эндей тон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…огончоктоп тебинип, / Отуз балбан торчуну, / Тобу менен сүйрөтүп, / Кара ташка тыттырып, / Кабыргасын түлөтүп, / Конушбайга жеткенче, / Баарын кырып түгөтүп, / Эндей калган темир тор, / Түрө кармай калганы, / Конушбайга жабылган, / Жүз кишиге салганы, / Анталаган жүз киши, / Оролуп торго калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Жалт-жалт этип жаркылдап, / Жалыны көздөн төгүлүп, / Күрөккө, соот ичинде, / Тышынан эндей тон кийип, / Белине кылыч байланып, / Бар жарагын камданып, / Бастырып чыкты шайланып, / Болотун ташка түйрөйтүп, / Найзасын жерге сүйрөлтүп, / Чокморун кысып …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эми ойлонду Жагалмай, / Кар жиликтин сооту жок, / Эндей чапан эле деп, / Чыканагын коомайлап, / Колун оңдоп алганда, / Найза салбай көөдөнгө, / Кар жиликтин булчуңга, / Сайып өттү Жагалмай, / Тарамышын тарата, / Жарып өттү Жагалмай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түшкөнү тийип бетине, / Төшжары жери тилинди, / Жакасы ылдый куйулуп, / Жаагы кетти кан жалап, / Эшик эндей териси, / Жаагында турат салаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →