эмчектүү

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Эмчеги бар.
  2. Эмчек эмген жаш баласы бар, жаш балалуу.
  3. өт. Эмчек сыяктуу урчугу бар, урчуктуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жашыл жээктин калктары, / Түгөнүп кетти түк калбай, / Урушта жүрүп жаштары, / Кызыл муштум балдары, / Кызыл ээк чалдары, / Жаш эмчектүү келиндер, / Ак чач болгон энелер, / Эрсиз эже-жеңелер, / Сени каргайт калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыйынчылык күн келип, / Кызыл ээк чалдарга, / Чыркырап ыйлап жатабы, / Кызыл муштум балдарда, / Агып сүтү дирилдеп, / Жаш эмчектүү жандар да? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →