эмчектеш
- Бир эненин эмчегин эмген.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылычын кармап сабынан, / Тартпай туруп кабынан, / Башын чаап алсам, деп, / “Чоң атабыз Кененим, / Көзү көргөн мал эле, / Эмчектешип эр Асыл, / Эңишке минген ат эле, / Бул кезге чейин Майтору, / Шек бербеген дегеле, / Жетелеп алып чыгайын, / Көрүнүп турган белеске.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жакыптын кебин укканда, / Зыркырап эмчек ийди эле, / Чыныга саады Чыйырды, / Чийдей агып куйулду, / Өзү менен эмчектеш, / Эненин сүтүн буйурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлчорону өлтүрбөйт, / Манас менен эмчектеш, / Алмамбеттин керээзин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Атама атаң эмчектеш, / Өзүмө өзүң эмчектеш, / Сүт эмишкен, антташкан, / Тууган бүтпөс, дос бүтпөс.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ «Каран тун башка тушту — деп, / Кара кыргыз калкынан, / Таалайдын кушу учту — деп / Бул арам өлөгөн Канчоро, / Арстандан калган бууданды, / Эмчектеш болгон тууганды, / Салылуу коргон дубалды, / Залкар тоодой буларды, / Салбар чоро кулатты!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →