эмнегедир
- Себеби, жөн-жайы ачык эмес ишке, ар кандай күдүк окуяларга ж.б. карата колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ошол убакта мен эмнегедир алданып тышка чыгып кеткемин.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эмнегедир шол замат баягы жыландын ичи тарс эте жарылып, сулап жатып калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →