эмне
- Адамдан башка бардык жандуу, жансыз заттарга берилип, аларды аныктоо, себебин, жөн-жайын, абалын билүү үчүн колдонула турган суроо.
- Чакырган кишиге жооп иретинде кайрылуу үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жашырбай, баатыр, сырыңды айт, / Эмне болсо чыныңды айт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арамдык кылып жүрөт – деп, / Айабай мыктап чагышты, / Эмне жооп чыгар, — деп, / Оозун тиктеп калышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Канчорону келтирип, / Колу-бутун чечтирип, / Ичкиниң деп аш берип, / Бакай айтат бир кепти: / — Кызыталак, арам ит, / Атаң Чубак эр эле, / Эр уулу менен тең эле, / Атадан айлан, чунак ит, / Эмне болдуң сен эле?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Ээленип алган немелерди эмне кыласың?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Булар сени эмнеге алкап кетип баратышат, – дейт Адил хан.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →