эмки
- Азыркы, ушул кездеги, азыркы убактагы.
- Келерки, кезектеги, кийинки.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оролдон келип ээ болду, / Эмки жылдыз калмагы, / Артынан жүрдү Бекбача, / Манжудан кегин алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Муну койо туралы, / Эмки болор сөздөрдү, / Семетейден угалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кытайдын эмки баатырын, / Жашаган жерин сурасаң, / Сазаң деген жер экен, / Кыл баатыры кытайдын, / Ошондон келген эр экен, / Өкүмү артык болбосо, / Өңкөй баатыр чогулса, / Жалгыз менмин дейт бекен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эмкисин баш бьолуп, / Семетей суудан кечирди, / Дөөлөтүңө мас болуп, / Кылбагын,балам,кесирди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Калыс эмес андан аркысына барсаң да түк жок,— деди да менин эмки жообума күтпөй, чамынып кайра кирип кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →