эмесе
- Андай болсо, андай болгондон кийин деген маанидеги сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Кош, эмесе,” – деп айтып, / Кол тартышып Жакып бай, / Аттанып жолго салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жүрү, эмесе жүрү, деп, / Баатыр бала бастырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Эмесе, аба» — деп, — / Бура тарта бергенде, / Бурула тартып кеп айтат, / Анык ички сырды айтат: / «Эми жеттим, Семетей, / Суркойон сындуу бууданга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Айтып болуп тайгандар, / Басаарына калганы, / Аргымак ээрди кыбырап, / Тайгандардын караса, / Ооналактап шыйпаңдап, / Кош эмесе, дегенсип, / Жүрүп кетти шыпылдап, / Батууга кире берерде, / Аман болгун, дегенсип, / Аркасын карап кылчаңдап, / Көздөн жашын кылгыртып, / Жолго түштү ыкчамдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
— Эмесе Беккулду таштап өзүң кет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →