эмгиче

китептерде 104 жолу, 9 китепте
  1. Али, ушул убакка чейин, ушул кезге чейин, эмдигиче.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кытайдан чыгып таарынып, / Аралаган алашты, / Чендеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кененимдин кеби эми: / — Хан башыңда, Ачакан, / Жалган айтсаң, чын айтсаң, / Бүгүн койо беремин, / Эртең өзүм билемин, / Саламатты кара деп, / Булайтканың кандай кеп, / Аталары өлгөнүн, / Билбептирби эмгиче? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алакеңдин жанына, / Ашыгып Серек келгени, / Эмгичекти элдерге, / Айтылып калды эрмеги: / — Баш кишибиз Алмамбет, / Мен айтамын саа бир кеп, / Молдоңо айтып көрүңчү, / Катыңды окуп кара, деп, / Чакырып алып молдосун, / Катчы болгон жолдошун: / — Байматтын санын оку, — деп, / Болбосун жаздым кокус, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муну ойлонот Айчүрөк, / Жардамга киши табам, деп: / “Кайыпдаң кызы Куйалы, / Сегиз жашта бир көрдүм, / Бүгүн он сегизде убагы, / Эмгичекти ошону, / Оодарып бенде албады, / Ойрондун бири бу дагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →