эмгек2

китептерде 94 жолу, 10 китепте эмгек 1 →
  1. Акыл-эстин, күч-кубаттын жумшалышы аркылуу белгилүү максатка ылайык жүргүзүлгөн иш аракети, жумуш, адамдын ишмердүүлүк сапатынын белгиси.
  2. Жазылган, иштелген же басып чыгарылган чыгарма, изилдөө иши, китеп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калың элдин ичинде, / Капташты деп Бактыбай, / Барбаңдап кирип барбаңар, / Элебей барып капташып, / Эмгектүү болуп албаңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Өзөнү кең, жери түз, / Өчүгүшкөн доңузга - / Кол салышсам ушуга, / Өйүз-бүйүз бөксөдө, / Эркин жаткан элдерге, / Эмгеги катуу болот го, / Баш-аламан барсылдак, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Кагышып жарак карсылдап, / Кандай заман болот, деп, / Калың журт турса кан какшап: / Коктулар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Элөөрүп элди башкарып, / Эмгекке салып кырылтып, / Антип жүрүш ал кандай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз элиме, / Меникинен сеники, / Көбүрөөк өттү эмгегиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Жок, эмгек вазирдин баласыныкы, ал болбосо кандын уулу эч нерсе кыла алмак эмес да, каракчылар аларды өлтүрүп коюшмак, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →