эм2

китептерде 67 жолу, 9 китепте эм 1 →
  1. Эмчек же упчу соруу; тамактануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көкүм барып айтыптыр, / Солк этпей кыргыз жатыптыр, / Кысыр эмди тай сойуп, / Кымызга чайкап бал куйуп, / Дасторкондун бетине, / Канча түрдүү даам койуп, / Конокторго тартыптыр, / Бирге олтуруп Кененим, / Таамды бирге татыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кысыр эмди тай, тайлак, / Конокко сойуп Чоңжинди, / Төө сойуп конок кондурду, / Томсоруп карап олтурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкей айтат: - Канчоро, / Жерге түшкөн кезиңде, / Жерден алган мен элем, / Эмчегим эмген сен элең. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Каракан кызы Каныкей, / Катындан чыккан уз эле, / Камка тондун тышы эле, / Ак калпак элге эне эле, / Ак олпок тонго жең эле, / Түркүктөй элге бел эле, / Акылдын чыккан кени эле, / Сүт урган көркоо Канчоро, / Эмчегин эмген дээр эле, / Кадырын суттун кыларбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Эткендери эм болуп, / Айыкканда эр Гүлүс, / Сейиттекке бел болуп, / Тайынсыз болуп жоголду, / Кыйаз менен Канчоро, / Кара жерге тең болуп, / Сейтек келип Таласка, / Алашка калды ээ болуп, / Он төрт жылда Семетей, / Ата журту Таласка, / Кайта келди оролуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →